Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Сирияда орус тик учагы чабуулга туш келди


Орусиянын армиясы Сирияда бир тик учагы көтөрүлүшчүлөрдүн чабуулуна кабылып, шашылыш конууга аргасыз болгонун, экипаж мүчөлөрү аман экенин билдирди.

Орус тараптын айтуусунда, гуманитардык жардам жеткирип бараткан тик учакка Сириянын Хама аймагында ок атылган. Натыйжада тик учак Пальмира шаарына жакын жерге чукул конгон. Куткаруучу тик учак тез арада келип, экипаж мүчөлөрүн Латакиядагы аба базасына алып кеткен.

Бирок “Ислам мамлекети” террордук тобуна таандык “Амак” агенттиги орус тик учагы Хувайсис аймагында ракета чабуулунан кыйрап түшкөнүн билдирди. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы да тик учак Хувайсис аймагына конгону жатканда чабуулга кабылганын кабарлады. Сирияда Орусиянын баш-аягы төрт тик учагы кыйрады. Ал тапта Сирия өкмөтү өлкөдө он сааттык ок атышпоо режимин жарыялады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG