Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Орусия Улуттук биримдик күнүн жүрүштөр менен белгиледи


Москвадагы "Орус маршы"
Москвадагы "Орус маршы"

Он жылдан ашык убакыт мурда негизделген Улуттук биримдик күнүндө улутчулдар менен өкмөттү жактагандар Москвада жүрүшкө чыгышты. Борбордук Тверская көчөсүнө чогулгандар Орусиянын желегин жана ураандар жазылган баннерлерди көтөрүп турушту.

Бул күндүн алдында орус президенти Владимир Путин депутаттарды “Орус эли жөнүндө” федералдык мыйзамды иштеп чыгууга чакырган. Талдоочулар муну Орусиядагы улуттар арасындагы биримдикти көрсөтүү аракети катары баалашкан.

Улуттук биримдик күнү Путиндин демилгеси менен 2005-жылдан тарта 4-ноябрда белгилене баштаган. Буга чейин бул күн Борбор Азия жана Кавказдан келген эмгек мигранттарына кол салуулар менен коштолуп келген.

XS
SM
MD
LG