Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Он беш жаштагы кызды алып кеткен киши тергөө абагына камалды


Сокулук райондук соту 29 жаштагы кыргызстандык жаранды жашы жетелек кызды алып кетүүсүнүн себеби аныкталгыча камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ маалымдады.

Октябрь айынын башында Алматы шаарында 15 жаштагы кыргызстандык Сүймөнкул кызы Айпери аттуу кыздын туугандары анын дайынсыз кеткенин билдирип, күч органдарына кайрылган. Мунун негизинде Казакстандын укук коргоо органдары 12-октябрда кызга издөө жарыялаган.

Көп өтпөй, кыз 29 жаштагы Кубанычбек аттуу адам менен чогуу жүргөнү аныкталган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG