130 кишинин өмүрүн алып кеткен теракттан туура бир жылдан кийин, “Батаклан” концерттик залы 12-ноябрь күнү кайрадан эшигин ачат. Бул күнү британиялык ырчы Стинг концерт берет. Концерттен түшкөн каражат теракттан курман болгондордун жакындарын колдоочу уюмдарга которулат.
Күндүз теракт курмандыктарын эскерүүчү иш-чара болот. Ага өткөн жылкы каргашалуу окуяда жабыркагандар жана курман болгондордун жакындары чакырылат. Шаар бийлиги эскерүү жана концерт учурунда коопсуздук чараларын күчөтүүнү убада кылууда.
2015-жылы 13-ноябрда Парижде террордук кол салуулар болуп, 130 киши набыт болгон. Алардын ичинен 90 киши “Батаклан” концерттик залында өлтүрүлгөн. 350 адам жараат алган.
Париждеги терактка жоопкерчиликти “ИМ” тобу аталган террордук-экстремисттик уюм алган.