Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Аба ырайы: Чукул билдирүү


5-6-ноябрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Каракол-Эңилчек, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун Сары-Мойнок ашуусу жана Сөөк ашуусундагы автоунаа жолунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

6-ноябрда өлкөдө жаан-чачын жаабайт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүзү 9…14,

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүзү 8…13 градус жылуу болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүзү 10…15 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүзү -1…+4,

Нарында түнкүсүн -7…-12 градуска чейин төмөндөп, күндүзү 1…6 градус жылыйт.

Суусамырда түнкүсүн -9…-14, күндүзү -1…+4, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…-22, күндүзү -5…-10 суук болот.

6-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын түнкү температурасы 0…2° суук, күндүзгү температурасы 12…14° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG