Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

ӨКМ: Бишкектеги өрт басаңдады


Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, өрттөнүп жаткан май алмаштыруучу жай өрттүн кулач жайып кетүүсүнө жол бербөө максатында бардык тарабынан курчоого алынган:

- Өрт чектөөгө алынды. Учурда окуя болгон жерде сексенден ашуун өрт өчүрүүчү кызматкер иштеп жатат. Саат 18:00гө карай, өрт толук өчүрүлө элек, бирок басаңдап калды.

Элмира Шерипованын маалыматы боюнча, мотор майлары сакталган кампалардын ээлери менен өрттүн кесепетин аныктоо иштери да жүргүзүлүүдө. Бүгүн түшкү саат бирге чукул Бишкектин батыш тарабында мотор майлары сакталган кампада өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты 2,5 миң чарчы метр деп айтылууда. Өрттөн жабыркаган адамдар жок. Өрт чыккан жерге өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов да барган.

Мотор майды суу менен өчүрүүгө мүмкүн болбогондуктан, көбүк менен өчүрүү аракети жүрүп жатат.

Учурда өрт чыккан жерде “Тез жардам” бригадасы да күзөттө турат. Аймакты милиция кызматкерлери кайтарып турушат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG