Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Түштүк Кореяда президенттин кызматтан кетүүсү талап кылынды


Пак Кын Хе
Пак Кын Хе

Он миңдеген киши 5-ноябрда көчөгө чыгып, президент Пак Кын Хени коррупцияга байланыштуу кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Полициянын маалыматы боюнча, демонстранттардын саны 43 миң, ал эми уюштуруучулар жүз миң деп маалымдап жатышканын Euronews кабарлады.

Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хенин рейтинги анын досу Чхве Сун Сил мамлекеттик маанилүү маселелерге аралашат деген маалыматтардан кийин төмөндөй баштаган. Маалымат каражаттары жазгандай, президенттин досу түштүк кореялык корпорацияларды миллиондогон долларларды өзүнө таандык фонддорго берүүгө мажбурлаган. Өткөн жумада Чхве Сун Сил бийликтен пайдаланганы үчүн айыпталып, камакка алынган.

Президент Пак Кын Хе бул окуя боюнча кечирим сурап, өлкө жетекчилигин алмаштырууну токтоткон. Анын мамлекет башчы катары укугу эки жылдан кийин аягына чыгат. Эксперттердин айтуусунда, Пак Кын Хенин бийликте калуу мүмкүнчүлүгү өтө эле аз.

XS
SM
MD
LG