Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Германия армиясында кызмат өтөгөн 20 радикал динчил аскер аныкталды


ФРГнын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен аскерлер менен.
ФРГнын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен аскерлер менен.

Немис контрчалгын кызматы армиянын катарында дагы 60 аскер радикал динчил болушу ыктымал деп шектенүүдө. ФРГ куралдуу күчтөрү маалымдагандай, радикал исламчы топтор өздөрүнүн мүчөлөрүн бундесвердин катарына атайылап кошуп жатышат. Муну менен исламчылар түрдүү куралдарды пайдаланууга үйрөнүүгө тийиш болушкан деп айтылат маалыматта. Немис маалымат каражаттары жазгандай, динчил радикалдарды аскерге албай турган мыйзам даярдалууда.

Буга байланыштуу ФРГнын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен 2017-жылдын июль айынан тартып, аскерге талапкерлердин ар бири атайын текшерүүдөн өтүүсүн таңуулоодо. Мыйзам келерки жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүсү ыктымалдыгын мурдараак DPA агенттиги жазган. Өзгөрүүлөр бундесвердеги 20 миң чамалуу аскерге таасир этүүсү ыктымалдыгы айтылууда.

Буга чейин бундесверге кирүүчүлөр полициядан маалымдама кагаз алып, Германиянын Негизги мыйзамына ант беришчү.

2007-жылдан бери бундесвердин катарында 24 радикал динчил аныкталган. Алардын 19у бошотулган, калгандары мурдараак мөөнөтүн бүтүп кетишкен.

Бундесвердин отуздан ашуун мурунку аскерлери Сирия жана Иракта экстремисттик ИМ тобунун катарында согушуп жүргөнү аныкталган деп жазат DPA.

XS
SM
MD
LG