Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Дублинде Орусиянын Алепподогу аба соккуларына каршы акция өттү


Ирландия
Ирландия

Орусиянын Дублиндеги элчилиги алдында өткөн акцияны Grannies4Equality уюмунун активисттери Орусиянын Сириядагы аскердик өнөктөштүгүнө каршы уюштурду. Нааразылыкка чыккандар кызыл боек чачылган куурчактарды элчиликтин айланасына ыргытып, Алепподогу бомбалоону токтотууга чакырган плакаттарды кире беришке калтырып кетишти.

3-ноябрда ушундай эле акция Британияда өткөн. The Syria Campaign уюмунун активисттери Орусиянын Лондондогу элчилигинин эшигин пластиктен жасалган жүздөгөн колдор менен тосуп салышкан. Буга байланыштуу Орусиянын дипломаттык миссиясы Британиянын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жиберген.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алепподогу козголоңчулар көзөмөл кылган аймактарды бомбалоодо. Батыш буга Орусияны айыптап келет. Расмий Москва ал айыптоолорго макул эмес.

XS
SM
MD
LG