Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:48

Ирактын түндүгүндөгү жардыруулар үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


Самаррадагы жардыруулардан кийинки көрүнүш. 6-ноябрь, 2016-жыл.
Самаррадагы жардыруулардан кийинки көрүнүш. 6-ноябрь, 2016-жыл.

Эки шаарда жанкечтилердин бомба жардырууларынан кеминде 21 кишинин өмүрү кыйылган эле.

Жардыруулар Ирактын өкмөттүк күчтөрү Мосул шаарын бошотуу операциясын улантып жаткан учурга туш келди.

Андыктан, Тикрит жана Самара шаарларындагы чабуулдар экстремисттердин диверсиялык мүнөздөгү кол салуулары катары бааланууда.

Ирак өкмөтү 6-ноябрдагы бомба чабуулдарын эки жанкечти жасаганын билдирген, бирок “Ислам мамлекети” тобу өз билдирүүсүндө үч жанкечти тууралуу маалымдады.

Жардыруулардан Тикритте он үч, Самарада сегиз адам мерт болгон.

Самара шаарында шииттердин ыйык жайына келген зыяратчылар бутага алынып, ал жерде ирандык зыяратчылардын да өмүрү кыйылды.

Эки шаарда тең бийликтер дагы жардыруу болобу деген кооптонуулардан улам коменданттык саат киргизишти. (UE)

XS
SM
MD
LG