Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Турук кениндеги талашты чечүү тапшырмасы берилди


Көмүр.
Көмүр.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы өткөн апта соңундагы жыйынында Ак-Талаа районундагы Турук көмүр кенинин айланасында чыккан талаш-тартыштын чоо-жайын талкуулады. Бул боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин маалыматы угулуп, соңунда маселени чукул арада чечүү тапшырмасы тиешелүү жетекчилерге берилди.

30-октябрда Ак-Талаа районунун Баетов айылында жергиликтүү тургундар кыштын алдында көмүр тартыш болуп жатканына нааразылык билдиришкен эле. Алар көмүр таңсыктыгына Турук кениндеги иштин токтогонун себеп катары көрсөтүшүп, аны иштетүү укугун кайрадан "Кенч Строй" компаниясына берүүнү бийликтен талап кылышкан. Аталган компаниянын лицензиясы быйыл апрелде токтогон. Бирок, бул мыйзамсыз деген жүйө менен соттошуп жатат. Ал эми кенди иштетип жаткан Жогорку Кеңеш депутаты Камчыбек Жолдошбаевге таандык деген "Сардар" компаниясы жакшы иштебегендиктен эл көмүрсүз калды деген нааразылыктар айтылган. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети өткөн жума районго көмүр ташый баштаган.

Турук кенинин Нарын элинин үчтөн бирин көмүр менен жабдуу мүмкүнчүлүгү бар. (NT)

XS
SM
MD
LG