Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Лос-Анжелесте “Атанын керээзи” тасмасы көрсөтүлдү


"Атанын керээзи" фильминен кадр.

"Атанын керээзи" фильминен кадр.

Тасма “Азиялык тасмалардын кинофестивалынын” алкагында чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө көрсөтүлдү. Кыргызстандык кинорежиссер жараткан фильмди көрүүчүлөргө жана калыстарга ассоциациялык продюсер Бретт Сайсон тааныштырды.

Тасманын продюсери Талантбек Төлөбековдун билдиришинче, көрсөтүүдөн кийин фильмди тарткан топ тарабынан сый тамак уюштурулду. Бул тасманы бейформал өңүттө талкуулоо максатында болду.

Кыргызстандык режиссерлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан “Атанын керээзи” тасмасы АКШнын “Алтын глобус” жана “Оскар” сыйлыгына талапкер.

Лос-Анжелесте өткөн “Азиялык тасмалардын кинофестивалы” кыргызстандык режиссер, “Айтыш-фильмдин” негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз тарабынан уюштурулган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG