Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Күрт күчтөрү Ракка шаарына чабуулун баштады


Ракка шаарынын жанында.
Ракка шаарынын жанында.

Бул тууралуу Күрт адамдары биримдикти колдойт же YPG тобу 6-ноябрда маалымдады. YPG Сирия демократиялык күчтөрү менен биргеликте “Ислам мамлекетинин” борбору саналган Ракка шаарын бошотууну көздөөдө.

Бул билдирүүгө Сирия президенти Башар Асад тараптан жооп боло элек. Мындай маалымат АКШ баштаган коалициянын абадан колдоосу менен Ирак жана күрт күчтөрү, Иран колдогон Ирактын шия милициясы Мосулду “Ислам мамлекетинен” бошотуу операциясын жүргүзүп жаткан учурда чыкты.

Кошмо Штаттар YPG тобун Сирияда “Ислам мамлекетине” каршы күрөштө натыйжалуу күч катары көрөт. Бирок Түркия ага каршы чыгууда. Анкара күрт күчтөрү Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы менен байланышта деп эсептейт. Түркия өзү Сириянын түндүк тарабында “Ислам мамлекети” жана күрт жоочуларына каршы операция жүргүзүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG