Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Ирактагы күрт күчтөрү Мосул четиндеги шаарга кирди


Пешмерга жоокерлери Мосулдун жанында.
Пешмерга жоокерлери Мосулдун жанында.

Пешмерганын 2 миңдей жоокери Мосулдун түндүк-чыгышында 13 чакырым аралыктагы Башика шаарына 7-ноябрда киргени кабарланды. Чабуул алдында 6-ноябрда күрт күчтөрү миномет жана артиллерия менен жоочулардын позицияларын аткылашкан. 7-ноябрда да абадан жана артиллерия соккусунан кийин пешмерга жоокерлери шаарга кире башташкан.

Подполковник Сефин Расул Башикада 100дөй жоочу жана жанкечтиси менен 10 автоунаа бар экенин Рейтерге билдирген. Ирак өкмөттүк күчтөрү өткөн жумада Мосулга киришип, шаардын чыгыш тарабында бекемделүү аракетин жасашууда. Бирок шаардын борборуна карай жылуу токтолуп турат, анткени ал жакта калк жыш жайгашкан жана мина, жанкечтилер бардыгы айтылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG