Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Отунбаева журналисттерди ачык, калыс болууга чакырат


Экс-президент Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева.

Чындык үчүн өмүрүнөн ажыраган журналисттер болгону экс-президент Роза Отунбаеванын 7-ноябрда журналисттерге жолдогон куттуктоосунда айтылган. Экс-президенттин куттуктоосун “Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду таратты.

Куттуктоодо “эгемен мамлекеттин түптөлүүсүндө жана коомдо демократиялык процесстерди бекемдөөдө маалыматтын жана аны жайылтууда кызмат өтөгөн журналисттердин орду" өзгөчө экени белгиленген. 25 жылдан берки тарыхый жолдо кабарчылар чындык үчүн чыркырап, өз өмүрүн тобокелге салып иштеп келе жатканы, арасында өмүрүнөн айрылгандар да болгону айтылат.

Ошондой эле бул жылдары Кыргызстандын басма сөз жана маалымат каражаттары өнүгүп, жүздөгөн жаңы басылмалар, радио, теле каналдар жана маалымат агенттиктери пайда болгону – коомдун талабы менен ишке ашканы баса белгиленген.

Экс-президент өз куттуктоосунда журналисттерди коомчулукка ар дайым ачык жана калыс маалыматтарды таратууга чакырып, ийгилик жана амандык каалаган.

Роза Отунбаева Кыргызстанды 2010-2011-жылдары башкарган. Адистердин белгилөөсү боюнча, бул жылдары өлкөдө сөз эркиндиги жана демократия өнүккөн.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG