Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Ассанж келерки жумада суралат


Жулиан Ассанж.
Жулиан Ассанж.

Швециянын прокуратурасынын маалымдоосу боюнча, Викиликстин негиздөөчүсү 14-ноябрда Лондондогу Эквадордун элчилигинде ага каршы козголгон зордуктоо иши боюнча суракка алынат. Швеция прокуратурасы 7-ноябрда тараткан маалыматта, Эквадор козголгон кылмыш иш боюнча суракка алууга жол бергени айтылат. Суракты Эквадор прокурору жүргүзөт. Швециянын башкы прокурору Ингрид Исгриндин жардамчысы жана полиция өкүлү суракка катышат. Алар алынган маалыматты швед өкмөтүнө жеткирет.

45 жаштагы Австралия жараны Жулиан Ассанж бул маселе боюнча Швецияга барып, сурак берүүдөн баш тарткан. Ал Викиликс аркылуу АКШнын аскерий багыттагы 500 миң электрондук каттарын жарыялаганы үчүн Америкага берип коёт деп чочуган.

Жуллиан Ассанж 2012-жылдан бери Эквадордун элчилигинде баш калкалап турат. Ага 2010-жылы Швецияда зордуктоо боюнча айып коюлганы кабарланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG