Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Полициянын 6-ноябрдагы маалыматы боюнча, Косовонун өзүн-өзү аныктоо кыймылынын мүчөсү Астрит Дехаринин эмне себептен өлгөнүн сөөктү ачуу аныктайт. Азырынча анын эмне себептен көз жумганы белгисиз. Кыймыл Астрит Дехаринин өлүмү боюнча Косово бийлигин айыптап, ал дарыны көп ичип алып өлгөндөн кийин ооруканага түшкөн, деген маалыматты күмөнгө алууда.

Дехари жана оппозициялык кыймылдын беш мүчөсү август айында Приштинада парламент имаратын гранатамет менен аткылагандан кийин кармалган. Андан имаратка зыян келип, адамдар жабыркаган эмес. Косовонун Черногория менен чек араны аныктоо боюнча келишимине байланыштуу Приштинада кырдаал чыңалып, 4-августа аткылоо болгон. Оппозиция келишимге каршы чыгып, Черногорияга көп жерлер өтүп кетүүдө деп эсептейт. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG