Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Орусия Черногориядагы кутумга тиешеси жоктугун билдирди


Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков (ондо).
Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков (ондо).

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков 7-ноябрда “биз ар кандай мыйзамсыз аракеттерге расмий тараптар аралашты деген маалыматтарды толугу менен четке кагабыз”, деп билдирди. Черногория бийлиги батышчыл, НАТОго кирүүнү жактаган өкмөт башчы Мило Жукановичтин көзүн тазалоо кутумуна орус улутчулдарынын тиешеси бардыгын иликтөө көрсөткөнүн ырастоодо.

Черногориянын атайын прокуратурасынын башчысы Миливой Катнич 6-ноябрдагы билдирүүсүндө тергөөчүлөрдүн иликтөөсү “Орусиянын улутчулдары” 16-октябрда парламенттик шайлоону бузуп, өкмөт башчы Жукановичти жок кылууга ниеттенгенин көрсөткөнү айтылат.

Катнич бул аракетке Орусиянын расмий бийлигинин аралашканын далилдеген факт жок экенин, бирок кутумдан кийин Черногория бийлигине орусиячыл күчтөр келиши үчүн ушундай аракеттер жасалганын белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG