Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Аба каттамдарын макулдашууга тажик делегациясы Москвага келди


Аба каттамдарынын жадыбалы.

Аба каттамдарынын жадыбалы.

7-ноябрда Москвада башталган сүйлөшүүдө тараптар аба каттамдары боюнча келишпестикти жөнгө салууну көздөшөт. Тажик тарап аба каттамдары паритеттик негизде болуш керек деп, Москва бир тараптуу түрдө Тажикстанга аба каттамдарын көбөйткөнүн билдирүүдө.

Москва өз кезегинде жаңыдан ачылган Жуковский аба майданынан Тажикстанга каттамдар ачыларын билдирүүдө. Жуковский аба майданынан учкан учактарды Тажикстан кабыл албаса, анда 8-ноябрдан тарта Тажикстанга учууларды токтоторун Москва билдирген.

Орусиянын Транспорт министрлиги Жуковский аба майданы Москва шаарына карабай турганын, ал Раменское шаарында жайгашканын ырастоодо. Тажикстан өз кезегинде Жуковскийди Москванын төртүнчү эл аралык аба майданы деп эсептейт. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG