Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Күрт кошуундары Ирактын Башика шаарына кирди


Жоокерлер Башика шаарында.
Жоокерлер Башика шаарында.

Күрт ыктыярдуу кошуундары 7-ноябрда Мосулдун түндүк-чыгышындагы Башика шаарына кирди. Бул калаа 2014-жылдан бери өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун көзөмөлүндө эле. Башика шаары Мосулдан 13 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аны алган күрттөрдүн саны 2 миңге чукул экени айтылууда.

Башиканы алуу Мосулду бошотуу боюнча чоң операцияларга катышып жаткан күрт ыктыярчыларынын башкы максаты болчу. Генерал-лейтенант Сафин Расул калаада жүзгө жакын жоочу калганын Reuters агенттигине билдирди. Ал эми Ирактын өкмөттүк күчтөрү Мосулдун чыгышында согушкерлер менен урушту улантып, шаардын түндүк жана түштүк бөлүгүнөн келүүгө умтулууда. Иран колдогон шиит жоочулары батыштан чабуул жасап жатат.

XS
SM
MD
LG