Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:35

Кыргызстанда жаштар жумалыгы башталды


Жаштар.
Жаштар.

Эл аралык жаштар күнүнө карата уюштурулган иш-чара 7-ноябрда башталды. Анда 11-ноябрда салтка айланып калган “Жаштар CAMP” конференциясы өлкөнүн бардык аймактарында,13-ноябрда Ош жана Бишкек шаарларында өтөт. Жаштар жумалыгын уюштуруу демилгеси Билим берүү министрлигине, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Жаштарды өнүктүрүү институтуна тиешелүү. Ошондой эле “Сорос - Кыргызстан” фонду каржылык жардам көрсөтүүдө.

Саамалык Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Анын жүрүшүндө “Жаштар CAMP” конференциясынан тышкары жаштарды колдоо, аларга туура багыт берүү акциялары уюштурулат, адабиятты жана көркөм окуу маданиятын калыптандырууга багытталган "Китеп фест" фестивалы да өтүүдө. Эл аралык жаштар күнү 10-ноябрда белгиленет. (NT)

XS
SM
MD
LG