Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Жаңы өкмөт куралат


Кыргыз өкмөтүнүн курамында өзгөрүүлөр болот.
Кыргыз өкмөтүнүн курамында өзгөрүүлөр болот.

Бүгүн, 8-ноябрда Кыргызстанда өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп, жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери, көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркулов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы түзүмдө өзгөрүүлөр бар, айрым министрлер алмашат. Болжол менен өкмөттүн үчтөн бир бөлүгү өзгөрөт. Буга чейин көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка кайра эле Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтөрүн жарыялаган.

3-ноябрда парламентте КСДП, "Кыргызстан", "Бир бол" фракциялары кирген коалиция куралды. «Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» деп аталган мурдагы коалиция бир жылга жетпей, 24-октябрда бузулган болчу. Азыркы альянстын аталышы жок. (NT)

XS
SM
MD
LG