Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Кыргызстанга инвестициянын көлөмү азаюуда


Бизнес кылууга кайсы өлкөдө жакшы шарт түзүлгөн?

Бизнес кылууга кайсы өлкөдө жакшы шарт түзүлгөн?

2016-жылдын биринчи жарым жылында ѳлкѳгө кирген түз инвестициялардын кѳлѳмү 2015-жылдын алгачкы жарым жылына салыштырмалуу 24%га кыскарган. Жалпысынан бул аралыкта сырттан кирген инвестициянын көлөмү 47 млн доллардан бираз ашкан.

Бирок ошол эле 47 млн долларлык чет элдик түз инвестициялардын басымдуу бѳлүгү тоо-кен ѳндүрүш тармагындагы ири долбоорлорго тартылган. Инвестициялардын көлөмү өлкө ЕАЭБге мүчө болгондон кийин азайып жаткандыгы 8-ноябрь күнү Бишкекте өтүп жаткан тегерек үстөлдө айтылды.

Анда айтылгандай, буга саясий тобокелдиктер жана экономикалык мыйзамдардын туруксуздугу негизги себеп болууда.

Дүйнөлүк банктын соңку Doing Business -2017 рейтингинде 189 ѳлкѳ арасында Кыргызстан 75-орунга ээ болду. Бизнес жүргүзүүгѳ жагымдуу шарттары боюнча ѳлкѳнүн кѳрсѳткүчү ѳткѳн жылга караганда 8 позицияга начарлаган. Негизинен жеке мүлктү каттоо боюнча 2 тепкичке жана курулушка уруксат кагаздарын берүү критерийинде 15 баскычка ылдыйлап кеткен.

Ушул тапта Бишкекте "Чакан жана орто бизнеске инвестицияны тартуунун жолдору жана кыйынчылыктары" аталышындагы тегерек стол өтүп жатат. Ага ишкерлер, экономисттер, өкмөт өкүлдөрү катышууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG