Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Чех ишкерлерин тоноо боюнча кызматтык иликтөө башталды


Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын жетекчиси Самат Курманкулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, чет элдик ишкерлерди тоноого милиция кызматкерлеринин катышы иликтөөгө алынат.

7-ноябрь күнү “Демилге” коомдук фондунун төрайымы Бактыгүл Усманова саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлордун инвесторлору, чехиялык ишкерлерди өздөрүн “милиция кызматкерибиз” деп тааныштырган беш киши документ талап кылып, акчаларын алып кеткенин маалымдаган. Көп өтпөй, базар жайгашкан жердеги участкалык милиция бөлүмүнүн кызматкери ишкерлердин акчасын кайтарып берген.

Бактыгүл Усманова милиционер арыз жазбоону да суранганын маалымдоодо.(EBM/ZKo)

XS
SM
MD
LG