Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

ЖК комитети өкмөттүн жаңы курамын бекитүүдө


Парламенттин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинде өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жаңы курамын сунуштады.

Ага ылайык, айрым министрлер өзгөрүп, жаңы талапкерлер сунушталды: Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова, ИИМ башчылыгына Улан Исраилов, Айыл, суу чарба министрлигине Нурбек Мурашев, Юстиция министрлигине Уран Ахмедов, Транспорт жана байланыш министрлигине Жамшитбек Калилов, Билим берүү жана илим министрлигине Гүлмира Кудайбердиева, Социалдык өнүктүрүү министрлигине “Кыргызстан” фракциясынын дагы бир депутаты Таалайкүл Исакунова сунушталды. Калгандары өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков баш болуп, ордунда калышкан.

Ал эми Коргоо комитетинин башчысы президент тарабынан сунушталат деп билдирди Жээнбеков.

Кыргыз өкмөтүнүн мурунку курамы өткөн айда, парламенттеги башкаруучу коалиция тарагандан кийин ишин токтоткон.(BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG