Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Президент Алмазбек Атамбаев репрессия курмандыктарын эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасады. “Жыл сайын 8-ноябрда биз 1937-38-жылдардагы репрессиянын курмандыктарын эстейбиз. “Эл душманы” деген сөз алардын өздөрүнө гана эмес, жакындарына, туугандарына да жабышып, моралдык басым болуп келди. Миллиондогон адамдар жалган жалаа менен террордун курмандыгы болушкан”, деп айтылат кайрылууда.

Кыргызстандын жер иштетүү, соода, айыл чарбасы менен алектенген тыңчыкма адамдары кулакка тартылып, сүргүнгө айдалган.30-жылдардын экинчи жарымында он миңдеген адамдар репрессияга туш келген. Бирок анын эстелиги катары Ата-Бейит жалпы көрүстөнү гана белгилүү. Ата-Бейит - мамлекет өз элине каршы жасаган кылмыштын жалгыз күбөсү, деп белгилейт президент кайрылуусунда.

Мамлекет башчы Кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Асанбай Жамансариев жана башкалардын элеси эч качан унутулбастыгын белгилеп, алар тандап алган акыйкаттыктын, эркиндиктин баалуулуктары бүгүнкү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары болуп каларын ырастаган. Алмазбек Атамбаевдин ырасташынча, өткөндөн сабак алып, келечекти бекемдөө үчүн учурдагы коркунучтарга жана кооптуу чакырыктарга каршы туруу зарыл.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG