Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

АКШнын кичи шаарларында шайлоо аяктады


АКШ президенттигине талапкерлер Дональд Трамп менен Хиллари Клинтон.

АКШ президенттигине талапкерлер Дональд Трамп менен Хиллари Клинтон.

АКШнын Нью-Гемпшир штатындагы бир нече майда шаарда президенттик шайлоонун жыйынтыктары чыкты.

Диксвилл, Харт Адрес жана Миллфилд кичи шаарларында добуш берүү бекеттери түн ортосунда ачылып, бардык шайлоочулар өз добуштарын берген соң бир нече мүнөттө жабылды.

Диксвилл менен Харт Адресте Демократиялык партиядан Хиллари Клинтон жеңишке жетсе, Республикачыл Дональд Трамп Милсфилддеги жыйырма добуштун 16 сын алды.

Дагы үч шаарда Трамп жеңишке жетти.

Нью-Гемпшир штатынын жергиликтүү мыйзамдарына ылайык, калкы 100 кишиден ашпаган аймактарда добуш берүү бекеттери түн ортосунда ачылып, катталган шайлоочулардын баары келген соң кайра жабылып, дароо жыйынтыктар чыгарылат.

Сегиз шаарчадагы шайлоону чагылдырууга келген медианын өкүлдөрүнүн саны добуш берүүчлөрдүн санынан кыйла ашып турду. Алгачкылардан болуп добуш берүү бул аймактарда салтка айланган көрүнүш.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG