Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Карачидеги рейд маалында медреселерге кол салгандар кармалды


Карачидеги полиция кызматкери
Карачидеги полиция кызматкери

Пакистан полициясы Карачидеги сунни жана шиит диний мектептерине чабуул койду деп шектелген ондогон адамдарды камады. Бул тууралуу 7-ноябрда маалым болду.

Мусулманчылыктын шиит агымын тутунгандарга каршы чыгып жүрүшкөн сунни агымынын беш өкүлү өткөн аптада Карачиде өлтүрүлгөн. Ага чейин шаардын Түндүк Назимабад районунда шиит агымынын беш өкүлү жок кылынган. Андан соң шаардагы диний мектептерге белгисиз адамдар тарабынан чабуулдар жасалып, бул эки тараптын тең нааразылыгын жаратты.

Акцияга чыккан шиит агымынын өкүлдөрү шейшембиде шаардагы башкы жолдордун бирин сегиз саат тороп турушту. Аларды полиция көздөн жаш чыгарчу газ чачып, таркатты.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, камалгандардын арасында "Талибан" тобу менен байланышы бар “Лашкар-э-Жангви” сунни тобунун эки согушкери да бар. Кол салуулардан кийин жүргүзүлгөн рейддердин алкагында көп сандагы курал-жабдыктар табылган. Медреселердини айрымдары жабылды.

Пакистандын 190 миллиондой калкынын 20 пайызын шиит мусулмандары түзөт.

XS
SM
MD
LG