Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:06

Иран газ боюнча француздар менен келишим түздү


Ирандагы деңиз алдындагы газды өндүргөн завод
Ирандагы деңиз алдындагы газды өндүргөн завод

Иран деңиз алдындагы газды өндүрүү боюнча франциялык ири энергетикалык Total компаниясы менен келишим түздү. Бул эл аралык санкциялар алынгандан кийинки Тегеран батыш энергетикалык компания менен түзгөн биринчи ири келишим.

Total 8-ноябрда тараткан билдирүүсүндө China National Petroleum Corporation жана Ирандын Petropars компаниялары менен биргеликте дүйнөдөгү эң ири газ кени Түштүк Парстын 11 фазасын иштетишерин жарыялады.

Компаниянын Жакынкы Чыгыштагы чалгындоо жана өндүрүү бөлүмүнүн башчысы Стефан Мишель инвестициянын жалпы көлөмү 4,8 миллиард долларды түзөөрүн жана долбоор жыйырма жылга созуларын билдирди.

Мишель Тегеранда тараптар ортосунда 8-ноябрда меморандумга кол коюлганын, ал эми макулдашууга эмдиги жылдын башында кол коюларын кошумчалады.

2012-жылы Франция Евробиримдиктин башка өлкөлөрү менен кошо Иранга киргизилген санкцияларды колдогондо Total компаниясы өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG