Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

HRW: “Азаттыктын” Түркмөнстандагы кабарчысына кол салынды


Ашхабаттагы базарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ашхабаттагы базарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму “Эркин Европа/”Азаттык” радиосунун Түркмөнстандагы кабарчысы полицияга суракка кирип чыккан соң, кол салууга кабылып, тонолгонун билдирди. Уюмдун билдирүүсүндө 67 жаштагы журналист Солтан Ачиловага жасалган кол салуу бул жабык мамлекеттеги “Азаттыктын” журналисттерине жасалган кол салуулардын алгачкысы эместиги айтылат.

- Ачилованын окуясы бийликтин сынчылдардын оозун жабуу аракетинин дагы бир мисалы, - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчи орун басары Рейчел Дэнбер.

HRW уюмунун маалыматына ылайык, 25-октябрда Ачиловага белгисиз адамдардын тобу кол салып, анын камерасын тартып алган. Ага чейин ал Ашхабаттагы супермаркеттердин биринде тарткан фотосүрөттөрү үчүн полиция суракка алган.

Өткөн жылдын декабрь айында Ачилова жергиликтүү базарлардын биринен макала жасап жаткан жеринен кол салууга кабылган. Анда да кабарчынын камерасынан бардык сүрөттөр өчүрүлгөн.

2015-жылы Түркмөнстанда “Азаттык” менен иштешип келген журналист Сапармамед Непескулиев маңзатка байланыштуу далилсиз айыптоолор менен үч жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле жылы бийлик үч журналистти “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташууну токтотууга мажбурлашкан.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG