Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Кошмо штаттарда президенттик шайлоо башталды


Нью-Гемпшир штатындагы Диксвил шаарчасынын тургундары алгачкылардан болуп добуш бериштии.
Нью-Гемпшир штатындагы Диксвил шаарчасынын тургундары алгачкылардан болуп добуш бериштии.

Америкалыктар Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң талаштуу шайлоо компаниясынан соң өлкөнүн 45-президентин шайлоого киришти.

АКШнын чыгыш жээгиндеги штаттарда добуш берүү бекеттери 8-ноябрда, Бишкек убактысы боюнча 17.00дө ачылды. Ал эми Нью-Гемпшир штатындагы бир нече чакан шаарлардын жашоочулары өз добуштарын түн оогондо эле беришкен.

Байкоочулардын баамында, бул ирет эрте добуш берген америкалыктардын саны буга чейин болбогондой көрсөткүчкө - 46 миллионго жетти.

Шайлоонун жыйынтыктары 9-ноябрда эртең менен белгилүү болот. Ал эми жаңы шайланган президент 20-январдагы инагурациядан кийин ишке киришет.

АКШ президенттигине Республикачылар партиясынан Дональд Трамп, Демократиялык партиядан Хиллари Клинтон ат салышууда.

XS
SM
MD
LG