Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

БУУ: Иракта ИМ 300дөй мурдагы аскерди уурдап кетишти


Ирак аскерлери Мосулдун жака-белинде жүздөй адамдын сөөктөрү көмүлгөн жайды табышты.

Ирак аскерлери Мосулдун жака-белинде жүздөй адамдын сөөктөрү көмүлгөн жайды табышты.

Ирактын түндүгүндө, Мосул шаарынын жака белинде “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлери үч жүздөй мурдагы аскерлерди уурдап кетишкен. Жоочулар ошондой эле Хаммам аль-Али шаарындагы бир жарым миңдей үй-бүлөнүн турак жайларын тартып алып, Мосулду көздөй айдашкан. Алардын андан аркы тагдыры белгисиз.

8-ноябрда Женевада жасаган билдирүүсүндө Улуттар Уюумунун маалымат катчысы Равина Шамдасани радикалдар жайкын тургундарды калкан катары колдонууну көздөп жатканын айтты.

7-ноябрда Мосулду согушкерлерден тазалоо операциясына катышып жаткан ирактык аскерлер Хаммам аль-Али шаарындагы мектептин айланасында баштары алынган жүздөй адамдын сөөктөрү көмүлгөн жайды табышкан.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG