Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Өкмөт канчалык кесипкөйлөрдөн куралды?


Жогорку Кеңештеги коалиция лидерлери жана премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Жогорку Кеңештеги коалиция лидерлери жана премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанда жаңы түзүлүп жаткан өкмөттүн курамы белгилүү болду. Анда бир катар жаңы адамдар сунушталган.

Арасында буга чейин коомчулукка белгисиз болуп келгендер да бар. Өкмөттүн курамы кандай негизде аныкталды? Жетекчилерди тандоодо бийлик башындагыларга жакындыгы эске алындыбы же кесиптик чеберчилигиби? Бул суроолор туурасында “Арай көз чарай” талкуусунда кеп болду. Талкууга Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, ошондой эле саясий жана коомдук ишмер Накен Касиев катышты.

«Азаттык»: Алгачкы суроону Равшан мырза сизге жолдоюн, парламентке сунушталган өкмөттүн курамы менен таанышсаңыз керек. Сиздин купулуңузга толдубу?

Равшан Жээнбеков: Эгер биз бүгүн эле өкмөт жакшы же жаман болуп калды деп айтсак туура эмес болуп калат. Тилекке каршы, акыркы жылдарда мамлекеттин алдында турган максаттарды аткара турган, оор социалдык-экономикалык, саясий маселелерди чече ала турган өкмөттү түзгөн жокпуз. Бул бир эле бүгүн эмес, акыркы беш-алты жылдан бери уланууда. Жалпысынан өкмөт мамлекеттин алдына коюлган максаттарды чече албайт десек болот.

Өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште.
Өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште.

«Азаттык»: Рыскелди мырза, өкмөттүн курамында мурда-кийин белгисиз болуп келген адамдар бар экен. Алар кандай негиз менен тандалды?

Рыскелди Момбеков: Мурда-кийин таанылбаган адамдар деген пикирге кошула албайм. Өкмөттүн беш мүчөсү жаңы адамдар. Калгандарды мурдатан иштеп келгендер. Жаңыларды атай турган болсок, социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке депутат Чолпон Султанбекова, айыл чарба министрине «Бир бол» фракциясынын сунушу менен Ноокендин акими болуп иштеген, экс-депутат Нурбек Мурашев келип жатат. «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Таалайкүл Исакунова Социалдык өнүктүрүү министрлигине баратат. Юстиция министрлигине сунушталган Уран Ахмедов деген жаш жигит узак жылдар боюнча өкмөттүн, президенттин аппаратындагы юридика бөлүмдө жетекчилик кызматта иштеп келген. Транспорт министрлигине сунушталган Жамшитбек Калилов болсо, «Кыргызжолтрансдолбоор» институтун жетектеп, Бишкек-Ош жолунун курулушуна салым кошкон жигит экен. Мунун баары эле мурдатан иштеп келген.

Жансакчыларга оомат келдиби?

Жансакчыларга оомат келдиби?

Президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчыларынын жооптуу кызматка дайындалып жатышы коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты.

«Азаттык»: Ички иштер министрлигине сунушталган Улан Исраилов жөнүндө айткан жоксуз?

Рыскелди Момбеков: Бул адам Свердлов райондук милициясынын жетекчиси болгон. ИИМдин 7-бөлүмүн башкарган. Андан соң Коррупцияга каршы кызматты жетектеди. Президенттин күзөт кызматында иштеди.

«Азаттык»: Бул адамдар бийликке, президентке жакын деген критерий менен тандалып калган жокпу? Мисалы, президенттин жансакчысы болуп келген Улан Исраилов ИИМ башчылыгына келишин же Юстиция министрлигине президенттик аппараттын эксперти Уран Ахмедовдун келишин кантип түшүндүрсөк болот?

Рыскелди Момбеков: Уран Ахмедов өкмөттүн юридикалык бөлүмүнүн башчысы болгон. Президенттик аппаратта да экспертизалык топту башкарган. Ал жөн эле көчөдөн келген жигит эмес. Ушунун баарын эске алып, анын талапкерлигин сунушташса керек. Ал эми Улан Исраилов болсо президенттин жансакчысы катары көп жылдар жанында жүргөн. Бирок ага чейин деле ИИМде иштеген. Эми тагдырдын ташы ошого буйруптур, тобокелчиликке салып баратат. Президенттин ишеними болгон чыгар. Мен бүгүн коалициялык көпчүлүктүн жыйынында «өкмөттүн түзүмү эле келет, түзүмү эле келет, түшүмү качан келет» деп айттым. Куудулдар «бут эле келет, бут эле келет, куттан кабар жок» дегендей болуп жатат. Кандай болгон күндө алардын түшүмүнө баа беришибиз керек.

«Азаттык»: Накен мырза, сиздин купулунузга толдубу өкмөттүн курамы?

Накен Касиев: Рыскелди мырза туура айтып жатат. Бул өкмөттүн түшүмү качан болот? Элибиздин, журтубуздун күтүп жатканы мына ушул түшүм. Министр деген бул саясий кызмат. Бирок ушул кызматка кесипкөй, ошол системага аралашып иштеген, өйдө-ылдыйын түшүнгөн адам келсе жакшы болот. Эл билбеген адам келди дегенибиз - кесипкөй жагынан туура келбеген, системаны туура түшүнбөгөн адамдар келип чайналып, иш жылбай жатат. Алар системаны жогорулатмак тургай кайра артка тартып жатат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG