Америкалыктар өлкөнүн 45-президенти үчүн добуш берүүдө. АКШ президенти Барак Обама Твиттердеги 11 миллион окурманын өлкөдө өтүп жаткан шайлоого катышууга жана жакындары менен досторун да бул иш-чарага тартууга чакырды.
Америкалыктар 8-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн 45-президентин эле эмес, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын бүткүл 435мүчөсүн жана 100 сенатордун 34үн кайра шайлашат.