Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:17

Сурамжылоо: АКШ шайлоочулары “күчтүү лидерди” каалашат


АКШда президенттик шайлоо жүрүп жатат

АКШда президенттик шайлоо жүрүп жатат

АКШдагы шайлоо күнүндөгү жаңы сурамжылоо добуш берүүгө үлгүргөн америкалыктардын көбү “өлкөнүн экономикасы туура эмес багытта баратат жана саясатчылар карапайым шайлоочулардын экономикалык маселелерине көңүлкош карайт” деп деп эсептээрин көрсөттү.

Reuters/Ipsos сурамжылоосуна 10 миң добуш берүүчү катышкан. Анын жыйынтыгына ылайык, америкалык добуш берүүчүлөрдүн 72 пайызы АКШ экономикасы байлардын кызыкчылыгы үчүн иштейт деп ишенерин билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандардын 75 пайызы “Американы бай адамдардын колунан кайтарып алуу үчүн күчтүү лидерге муктаждык бар” экенин айтышкан.

АКШда президенттик шайлоо жүрүп жатат. Анда Демократиялык партиядан Хиллари Клинтон, Республикачылардан Дональд Трамп ат салышууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG