Линктер

дүйшөмбү, 24-апрель, 2017 Бишкек убактысы 04:00

"Демократ" партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышат


Мындай чечимди 8-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарды. Буга чейин Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы "партия каттоодон өтүү эрежесин бузду жана документтерди убагында берген эмес" деген жүйө менен аны каттоодон баш тарткан болчу. Партия буга макул болбой БШКга кайрылган. Быйыл февралда түзүлгөн «Демократ» партиясы шаардык кеңешке шайлоого катышуу максатында «Тоскоолдуксуз жашоо үчүн», «Асман Ала-Тоо» жана «Кыргыз либерал-демократиялык партиясы» менен бириккен. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG