Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

АКШ: Трамп Техас жана Монтана штаттарында алдыда


Шайлоонун жыйынтыгын күткөн америкалыктар.
Шайлоонун жыйынтыгын күткөн америкалыктар.

Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 137 добушу менен алдыда баратат. Ал ошондой эле Техас, Монтана жана Вайоминг штаттарында да алдыга чыкты. Учурда маанилүү деп саналган Флорида, Огайо жана Мичиган штаттарындагы жыйынтыктар күтүлүүдө.

Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон Иллинойс, Нью-Йорк штаттарында алдыга чыкты. Ал азыр шайлоочулар коллегиясынын 104 добушуна ээ болуп турат.

Аналитиктер негизинен испан тилдүү калк басымдуулук кылган Флоридада Хиллари Клинтон жеңишке жетет деп боолгошкон. Бирок бул аймакта Трамп алдыда келатканы маалым болду.

Буга чейин шайлоо өнөктүгү учурундагы сурамжылоолор Клинтон Трамптан үч пайыздай озуп келе жатканын, маанилүү деп саналган штаттарда бир аз артыкчылык менен алдыда баратканын көрсөткөн.

Америкалыктар 8-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн 45-президентин эле эмес, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын бардык 435 мүчөсүн жана 100 сенатордун 34үн да шайлашат.

XS
SM
MD
LG