Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:59

Клинтон Колорадодо, Трамп Түндүк Каролинада жеңди


Хиллари Клинтон менен Дональд Трамптын көлөкөлөрү.

Хиллари Клинтон менен Дональд Трамптын көлөкөлөрү.

Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон Колорадо штатында жеңишке жетип, шайлоочулар коллегиясынын тогуз добушуна ээ болду. Соңку маалыматтарга ылайык, Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 216 добушу менен алдыда. Ал эми Хиллари Клинтон 197 добуш топтоду.

Жеңиш үчүн шайлоочулар коллегиясынын 270 добушу талап кылынат. Учурда Виржиния штатынын жыйынтыктары күтүлүүдө. Вице-президенттикке демократтардан талапкер Тим Кейндин мекени Виржинияда эки талапкер ортосунда кармаш жүрүп жатат.

АКШнын чыгыш жээгиндеги штаттарда шайлоо бекеттери жабылды. Учурда жалгыз Аляска штатында добуш берүү уланууда.

Америкалыктар 8-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн 45-президентин эле эмес, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын бардык 435 мүчөсүн жана 100 сенатордун 34үн да шайлашат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG