Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

АКШ: акыркы беш штатта добуштар саналууда


Дональд Трамптын тарапташтары жеңишти майрамдай башташты.
Дональд Трамптын тарапташтары жеңишти майрамдай башташты.

Учурда Висконсин, Миннесота, Мичиган, Нью-Гемпшир менен Аризона штаттарында добуштар саналууда. Пенсильвания, Огайо, Түндүк Каролина жана Флорида сыяктуу ири штаттарда жеңишке жеткен Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 266 добушун топтоп алдыга чыкты.

Жеңишке жетүү үчүн талапкерге 270 добуш талап кылынат.

Нью-Йорк, Иллинойс жана башка түндүк-чыгыштагы штаттарда жеңишти камсыз кылган Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон 215 добуш менен артта калууда.

Байкоочулар негизинен испан тилдүүлөр басымдуулук кылган Флоридада Клинтондун жеңишин боолгошкон. Бул штатта да Трапмты колдогондор көп болду.

XS
SM
MD
LG