Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Дональд Трамп “бүт америкалыктардын” президенти болот


Дональд Трамп шайлоо жеңишинен кийин.

Дональд Трамп шайлоо жеңишинен кийин.

Шайлоо жеңишинен кийинки сөзүндө Трамп америкалыктарды “бирдиктүү элдей бир болууга” чакырды. Манхеттенде мейманканада өзүнүн тарапкерлеринин, командасынын жана жакындарынын алдында сүйлөгөн Трамп “бүт америкалыктардын” президенти болорун жана ал “уятка калтырбасын” айтты.

Трамп шайлоодо жеңилген атаандашы Хиллари Клинтон менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, ал шайлоо жыйынтыгын тааныганын белгиледи. Бирок Хиллари Клинтон шайлоо жыйынтыгын тааныганын ачык жарыялай элек.

Дональд Трамп мурунку сенатор жана мамлекеттик катчы Хиллари Клинтонду мамлекетке сиңирген эмгеги үчүн мактоого алды. Висконси штатында Трамп шайлоочулар коллегиясынын 276 добушуна жетишип, Кошмо Штаттардын 45-президенти болуп шайланды. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG