Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Башкы прокуратура: Исаевге козголгон кылмыш иши иликтенүүдө


Башкы көзөмөл органы Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы прокуратура органдарын текшерүүгө алган. Текшерүү учурунда мурда козголгон кылмыш иштеринин айрымдары негизсиз токтотулганы аныкталган. Натыйжада, кылмыш иштерин токтотуу тууралуу негизсиз чыгарылган чечимдер жокко чыгарылды. Бул кылмыш иштеринин арасында, Чүй облусунун Токмок шаар жетекчилигине, алардын ичинде мурдагы мэр Канатбек Исаевге карата мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн козголгон кылмыш иши да бар.

Учурда бул кылмыш иштери боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан "Азаттыкка" маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG