Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Иран: Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн ядролук келишимди карманышы керек


Мухаммад Жавад Зариф

Мухаммад Жавад Зариф

Мындай пикирин Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф билдирип, алты ири мамлекет жана Ирандын ортосунда былтыр жетишилген ядролук келишимди Трамп сакташы керектигин белгиледи. Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда ал келишимди “тытып салууга” убада кылып, аны “сүйлөшүүлөрдө жетишилген мен билген эң жаман келишим” деп атаган. Зариф "Тасним" маалымат агенттиги аркылуу 9-ноябрда тараткан билдирүүсүндө “АКШнын ар бир президенти дүйнөдөгү бүгүнкү реалдуулукту түшүнөт” деген. Ирандын атомдук энергия боюнча мекемеси алар кырдаалдын ар кандай өзгөрүүсүнө даяр экенин билдирген. Мекеменин маалымат катчысы Бехруз Камалвандинин “биз ядролук программабызды ар кандай шартта улантып кете тургандай кылып түзгөнбүз” деген сөзүн Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жарыялап жатышат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG