Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Балкан өлкөлөрү Европанын бирдиктүү базарына 2-3 жылда кириши мүмкүн


Йоханес Хан.
Йоханес Хан.

Бул тууралуу 9-ноябрда “Азаттыкка” Европа Биримдигинин жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу боюнча комиссары Йоханес Хан билдирди. Анын айтымында, регион мамлекеттеринде саясий эрк болсо, анда ал 2-3 жылда ишке ашып калат. “Биздин максат региондон илим-билимдүүлөрдүн кетүүсүн токтотуп, келечекке үмүт берүү, бирдиктүү базарда жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүнө жетишүү” деди Йоханес Хан.

Адамдар, товар, кызмат көрсөтүү жана капитал эркин жүргөн 28 өлкөдөн турган Европа Биримдигине Балкан өлкөлөрү кандай шартта кабыл алынарын Хан тактаган жок. Бирдиктүү инфраструктура куруу менен өлкөлөрдү бириктирип, Европа Биримдиги региондо популярдуулугун өстүрүүнүн көздөөдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG