Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Трамптын жеңиши дүйнөдө ар кыл реакция жаратты


Дональд Трамптын президенттик шайлоодо жеңишине Европа Биримдиги абайлап мамиле жасаса, Кремл кубаттап чыкты. Ишкер, мамлекеттик органдарда эч иштебеген Трамптын жеңиши - эми ал мамлекетти кандай башкарат, Вашингтондун ролу дүйнөдө кандай болот деген суроолорду жаратууда. Европа Биримдигинин тышкы иштер комиссары Федерика Могерини АКШ менен Европа Биримдиги кызматташуусун улантат деди.

Биримдиктин дипломаттары жана бийлик өкүлдөрү эгерде Трамп эл аралык милдеттенмелерди аткаруудан четтесе, анда өз ара кызматташууну күчөтүү зарылдыгын белгилешүүдө.

Британия премьер-министри Тереза Мей АКШ менен Британиянын “өзгөчө мамилеси” өзгөрбөй калаарын билдирди. Германия канцлери Ангела Меркел Трампка трансатлантикалык баалуулуктардын негизинде кызматташууну сунуштады. (AiT)

XS
SM
MD
LG