Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Клинтон Трамптын жеңишин тааныды


Хиллари Клинтон
Хиллари Клинтон

Демократтардын атынан президенттик жарышка катышкан Хиллари Клинтон тарапкерлеринин алдында чыгып кайрылуу жасады. Ал шайлоону ута албай калганы үчүн кечирим сурап, жаңы шайланган президент Дональд Трамптын жетеги алдында биригүүгө чакырды:

“Дональд Трамп биздин президентибиз болгону турат. Биз ага тунук акыл-эс менен мамиле кылууга жана элди башкарууга мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүүбүз”.

Клинтон аялдарга да кайрылып, аял саясатчынын президент болуп шайлануу мүмкүнчүлүгү бул жолу ишке ашпаганын, бир кезде андай да күн келээрин айтты.

Ал ошондой эле америкалыктардын мыйзам үстөмдүгү, дин тутуу жана сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарын да эске салып, аны сыйлоо зарылдыгын билдирди.

Клинтон менен Трамп шайлоо өнөктүгү маалында бири-биринин дарегине кескин билдирүүлөрдү айткышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG