Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Вашингтондо кайрылуу жасаган президент Барак Обама АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампты куттуктады. Ал бардык америкалыктарды Трамптын шайлоодогу ийгилигин колдоого чакырды.

“Биз биринчи кезекте демократ же республикачыл эмес, америкалыкпыз. Мен ушуну кечээ Трамптан уктум”, - деди президент Обама.

Обама демократтардын талапкери Хиллари Клинтон менен сыймыктанаарын, ал саясаттын жогорку стандартын багынтканын, күйөөсү Билл Клинтон менен кошо америкалыктардын жашоосун жакшыртууга салым кошо берерин белгиледи.

Ак үйдө акыркы айларын өткөрүп жаткан Обама шайлоо өнөктүгү маалында Дональд Трамп "президент болууга ылайыксыз" деп бир нече ирет билдирген. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG