Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Түркия БУУнун Эл аралык трибуналынын судьясын камады


Түркиядагы камоолорго каршы нааразылык.

Түркиядагы камоолорго каршы нааразылык.

Түрк бийлиги БУУнун Эл аралык трибуналынын мүчөсү, түрк жараны Айдын Сефа Акайды июлдагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетине катышы бар деп айыптап жатат. Бул тууралуу 9-ноябрда Эл аралык трибуналдын төрагасы Теодор Мерон БУУнун Башкы Ассамблеясында билдирди. Анын айтуусунда, Акай эл аралык судья катары кол тийбестиги бар экенине карабай 21-сентябрда камакка алынган. Мерон аны тез арада бошотууну жана куугунтуктоону токтотууну расмий Анкарадан талап кылды. Ошондой эле судьянын камакка алынышын эл аралык соттун кол тийбестигин жаңы тарыхта алгачкы жолу бузуу катары баалады.

Акай Руанданын мурдагы пландоо министри, өз өлкөсүндө геноцидге айыпталып 30 жылга эркинен ажыратылган Августин Нгирабатваренин үстүнөн жүргөн сот ишин иликтеген беш судьянын бири. Алар Руандадан тышкары мурдагы Югославиядагы аскердик кылмыштарга байланышкан иштерди карайт.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG