Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Депутат кечки мектептерди көбөйтүүнү сунуштады


Сабак.
Сабак.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко акысыз кечки мектептерди көбөйтүү маселесине көңүл бурууну парламент отурумунун башында өкмөткө сунуштады. Анын айтуусунда, бүгүнкү күнү турмуштук оор шартта жашап жаткан балдар күндүзү мектепке баралышпайт:

-Күндүз иштеп, мектепке баралбаган балдар үчүн акысыз кечки мектептер Бишкектен башка аймактарда жок. Акы төлөп окууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошондуктан, акысыз кечки мектептердин санын көбөйтүү керек.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда мектепке барбаган балдардын саны 22 миң. Ал эми ЮНИСЕФ менен ЮНЕСКОнун биргелешкен иликтөөсүндө 76 миң деп көрсөтүлгөн.

Адистердин айтуусунда, Кыргызстандагы мындай балдардын көбү ички-тышкы миграциянын, жакырчылыктын жана документтердин жоктугунан мектеп бетин көрүшпөйт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG