Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Картондо уктаган Исхак жаңы үйгө көчтү


Үч жаштагы Исхактын үй-бүлөсүнө Кара-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөн үч бөлмөлүү батир берилди. Үйдө жашоого бардык шарттар түзүлгөн. Исхактын апасы Зульфия Үсөнованын “Азаттыкка” айтуусунда, алар үйгө 8-ноябрь күнү көчүп киришти. Батирдин ачкычын президенттик аппараттын өкүлү тапшырды.

Эки-үч ай мурун социалдык тармактарда картон кагаздын үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Көп өтпөй балага мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев көңүл буруп, баланын үй-бүлөсүн камкордукка алууну тапшырган.

Кийинчерээк Исхактын дагы үч бир тууганы бардыгы, жалгыз бой апасы балдарын базарда идиш жууп багары маалым болгон. Балдардын эч кимисинин тек-жайын аныктаган документтери болгон эмес. Президенттин тапшырмасы менен жергиликтүү бийлик тарабынан балдарга документ берилип, бала бакчага жана мектепке жайгаштырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG