Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Элдин 30% Башмыйзам өзгөртүүсүнөн кабарсыз


Бул “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасында маалым болгон. Сурамжылоого ылайык, элдин 20% гана Конституция өзгөртүлүп жатканын билишкен, 33% такыр кабарсыз, 47% бул тууралуу угушканын, бирок так маалыматтары жок экенин айтышкан.

Сурамжылоого катышкандардын 55 жаштан жогору курактагылары өзгөртүү киргизүү жөнүндө жакшы билишет, 18 жаштан 24 жашка чейинкилер көбүнчө кабарсыз.

Башмыйзамга өзгөртүү киргизилип жатканынан маалыматы аз жарандар Бишкек жана Чүй облусунун тургундары.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы ошондой эле “Референдумга барасызбы?” деген суроо менен жарандарга кайрылышкан. Ага ылайык, суралгандардын 60% референдумга барарын тастыкташкан. 22 пайыз жарандар барбастыгын, 18 пайызы жооп бере албасын билдиришкен.

Добуш берүүгө барарын билдирген жарандардын 80 пайызынын жашы 35-54 жашта.

Референдумга барууну каалагандардын саны Бишкек менен Чүйгө караганда Талас, Ош жана Баткен облустарында көбүрөөк.

Сурамжылоого катышкандардын 25% “Референдумга –жок” кыймылы тууралуу маалыматы жоктугун айтышкан.

Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда, жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу өткөрүлөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG